2023-жылы бюджеттен Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

Автор

2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 млрд 116 млн 731,8 миң сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Каражаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

 

– Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом;

 

– Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом;

 

– ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом;

 

– Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – 28,4 млн сом;

 

– Региондорду өнүктүрүү фондуна – 50 млн сом;

 

– Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;

 

– Губернатордун резервдик фондуна – 3,7 млн сом;

 

– Районду өнүктүрүү фонддоруна – 86,5 млн сом;

 

– Райондук мамлекеттик администрацияларга (акимчиликтер) – 67,2 млн сом;

 

– Акимдердин резервдик каражаттарына – 2,5 млн сом каралат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандыктар Түркияга 111,1 млн сом жардам чогултту

Бүгүн, 31-март саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 111 млн 196 миң 797 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын […]

Сизге жагышы мүмкүн