reklam
reklam
hava 19° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.123.384 % 1.037
Соңку кабар
reklam
Google News

2023-жылы бюджеттен Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

Son Güncelleme :

31 марта 2023 - 11:14

reklam
2023-жылы бюджеттен Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат
reklam

2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 млрд 116 млн 731,8 миң сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

 

Каражаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

 

— Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом;

 

— Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом;

 

— ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом;

 

— Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – 28,4 млн сом;

 

— Региондорду өнүктүрүү фондуна – 50 млн сом;

 

— Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;

 

— Губернатордун резервдик фондуна – 3,7 млн сом;

 

— Районду өнүктүрүү фонддоруна – 86,5 млн сом;

 

— Райондук мамлекеттик администрацияларга (акимчиликтер) – 67,2 млн сом;

 

— Акимдердин резервдик каражаттарына – 2,5 млн сом каралат.

reklam