20-майга карата аба ырайы

Wp Pw

Эртең, 20-майда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

 

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +21…+26,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

 

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20.

 

Бишкекте өткүн өтөт. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +22…+24 градус болот.

Next Post

CAFA Nations Cup 2023: “Акшумкарлар” алгачкы беттешин 10-июнда өткөрөт

Жакында CAFA NATIONS CUP-2023 турнири боюнча “B” тайпасына кирген командалардын беттеши башталат. Бул тууралуу Профессионал футболчулар ассоциациясы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, 10-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Афганистандын командасы менен беттешет. Оюн Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Ал эми 13-июнда ушул эле стадиондо Иран – Афганистан оюну болот. 16-июнда “ак шумкарлар” […]