reklam
reklam
hava 20° Orta
DOLAR 28,9208 % % 0.08
EURO 31,4850 % % -0.1
GRAM ALTIN 1.924,11 % % 1,83
ÇEYREK A. 3.145,92 % % 1,83
BITCOIN 1.122.177 % 0.979
Соңку кабар
reklam
Google News

18-июль: Аба ырайы тууралуу маалымат

Son Güncelleme :

17 июля 2023 - 15:54

reklam
18-июль: Аба ырайы тууралуу маалымат
reklam

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 18-июлга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө  түнкүсүн +18…+23, күндүз +35…+40,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +34…+39,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +35…+40,

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +31…+36,

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкү температура +21…+23, күндүзгү жогорку температура +37…+39 градус болот.

reklam