reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Son Güncelleme :

14 июня 2023 - 15:36

reklam
17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
reklam

Келе жаткан ишембиде, 17-июнда, Бишкектин чыгыш тарабы саат 20:30дан 00:00гө чейин жабылат

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калаада жыл сайын өтүүчү KFC Night Run жарышы болот. Жөө күлүктөр өздөрүнүн тандаган аралыгына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат.

Жабыла турган көчөлөр:

 

Валиханов көчөсүнүн чыгыш тарабы — Анкара көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине (түштүктөн түндүккө карай) чейин. Көчөнүн батыш жагы убактылуу эки тараптуу иштеп турат;

 

Чүй проспектиси — Валихановдон баштап Ауэзов көчөсүнө (батыштан чыгышкан карай) чейин, проспектидеги кыймыл жолдун түндүк жагында убактылуу эки тараптуу болуп турат.

 

Жарыштын уюштуруучулары 2 миң 500 жөө күлүктү чогултууга ниет кылып жатат. Түшкөн акчанын бир бөлүгү кайрымдуулукка жумшалары айтылды.

reklam
reklam
reklam