Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев Кыргызстанда 15-мартты – Аталар күнү деп жарыялоо жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, демилге коомдун өнүгүшүндө аталардын ролун жана кошкон салымын тааныйт, ошондой эле үй-бүлөнү чыңдоого жана үй-бүлөдө эркектин жоопкерчилигин жогорулатууга багытталып, балдарды тарбиялоодо аталардын активдүү катышуусун колдойт.
Белгилей кетүүчү жагдай, мыйзам долбоорлорунда сунушталган Аталар күнү эс алуу күнү болуп эсептелбейт.
Башка өлкөлөрдөгү элчилер массалык түрдө чакыртыла баштады
Бей Мар 14 , 2024
Польшада республиканын 50ден ашык элчисинин миссиясын токтотуу жөнүндө чечимди жарыялашты. “13-мартта Тышкы иштер министри Радослав Сикорски 50дөн ашык элчинин миссиясын токтотуу жана министрликтин мурдагы жетекчилигине бекитүү үчүн берилген бир нече талапкерлерди чакыртып алуу чечимин кабыл алды”,-деп айтылат өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин сайтында. Кайсы мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери тууралуу сөз болуп […]
