Өзбекстанда балдарды ууландыргандар АКШ тарабынан изделүүдө

Автор

Өзбекстанда балдарды дары менен ууландырган Samo фармацевтикалык компаниясынын тең ээси АКШ бийлиги тарабынан изделүүдө.
АКШ бийлиги жана Интерпол Samo фармацевтикалык компаниясынын негиздөөчүсү Нодир Юнусовду издеп жатат. Өзбекстанда ууланган балдар ичкен йод препараттарын дал ушул компания алып келген.
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Самодон 3,55 миллион таңгак «Антиструмин» (калий йодиди) Самодон тендерсиз дээрлик 22 миллиард сумга же бир пакетин 6600 сумдан сатып алды. Дарыканаларда чекене баада 3000 сомдон сатылчу.
Өзбекстандын президенти жардамчысы Саида Мирзиёевага ооруканага барып, абалды өз көзү менен көрүүнү тапшырды.
2023-жылдын 24-сентябрында Наманган облусунда балдардын уулануусу боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 257−1-беренеси (Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Курамында йод бар “Антиструмин” препаратын милдеттүү түрдө ичкенден кийин ооруканаларга кайрылган балдардын саны 600дөн ашты.
Буга чейин Өзбекстанда Индиянын Doc-1 Max дарысынан 65 бала көз жумган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек шаардык сотунун судьясы 5 миң доллар пара менен кармалды

Опузалап пара талап кылган Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, “И.Н.А.” аттуу судья жана дагы бир судья сотто каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап […]

Сизге жагышы мүмкүн