Эң көп нан жеген өлкөлөр белгилүү болду

Автор

Нан ар бир маданиятта алмаштырылгыс азыктардын бири, бирок аны кылдаттык менен колдонуу керек. Демек, кайсы мамлекет нанды көп жейт?

Нанды эң көп жеген өлкөлөрдүн тизмеси:

1.ТҮРКИЯ

Түркия дүйнөдө эң көп нан жеген өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат. Статиста жана Дүйнөлүк банк сыяктуу изилдөө фирмалары тарабынан алынган маалыматтарга караганда Түркияда бир адам жылына 199,6 кг нан жейт.

2.СЕРБИЯ ЖАНА ЧЕРНОГОРИЯ

Тизме боюнча экинчи орунда Сербия менен Черногория турат. Сербияда бир адам жылына 135 кг нан жейт.

3.БОЛГАРИЯ

Болгария бир адамга жылына 131,1 кг нан керектөө менен тизмеде үчүнчү орунда турат.

4.УКРАИНА

Украина жылына бир кишиге 88 кг нан керектөө менен төртүнчү орунда турат.

5.КИПР

Кипр жылына киши башына 74 кг нан керектөө менен 5-орунда.

6.АРГЕНТИНА

Аргентинада жылына бир кишиге 72 кг нан керектелет жана алар 6-орунда.

7.ПОРТУГАЛИЯ

7-орунда турган Португалия жылына бир кишиге 70 кг нан керектейт.

8.ПОЛЬША

Польшада жылына бир кишиге 70 кг нан керектелет жана ал 8-орунда турат.

9.ДАНИЯ

Дания тизмеде 9-орунда турат жана өлкөдө жылына киши башына 70 кг нан керектелет.

10.ГРЕЦИЯ

Греция тизменин 10-орунда, өлкөдө бир кишиге жылына 70 кг нан керектелет.

11.ИНДИЯ

Тизмедеги 37 өлкөнүн ичинен акыркы орунда турган Индия жылына киши башына 1,75 кг нан жеп, дүйнөдө нанды эң аз колдонгон өлкөлөрдүн катарына кирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Алтын сертификат: Бегимай  Карыбекова  жогорку окуу жайын АКШда улантат

Бегимай Карыбекова  Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү. ЖРТдан 232 упайга ээ болуп, ТОП-10 го кирди. Ал Жогорку окуу жайын Америкада улантат. Учурда визасын алды. Бегимай өтө тырышчаак, адептүү жана келечекке ишенимдүү кадам таштаган окуучу катары дайыма талыкпай окуп, кыялдарын багынта алды. Ага жалпы кыргыз эли ийгилик каалап, алкап […]

Сизге жагышы мүмкүн