Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйү убактылуу жабылды

Автор

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы перинаталдык борбордун имаратын Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө кошуу максатында жана эски имаратты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу ушул жылдын 6-августуна чейин жабылат.

Мындан улам Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрү жана Чүй облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмү Бишкек шаарындагы кош бойлууларды, төрөт учурундагы, төрөгөн аялдарды бекитилген графикке ылайык кабыл алууну камсыздайт.

Бөлүшүү:
Next Post

Күрөш эми башталат

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев парламенттин алдына келген Адахан Мадумаровдун тарапташтарына чыгып, “Күрөш эми башталат”,- деп билдирди. “Бул күтүлгөн чечим эле. Бийлик Мадумаровдун оозун жапкысы келди. Бирок, бул чечим бүгүн эле алпарып, камап коёт деген чечим эмес. Негизи, туура эмес кылып жатышат. Дагы алдыда көп иштер бар, мындай нерселер жакшылык […]

Сизге жагышы мүмкүн