Эки депутат ЖЭБден кабар алды

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттар Шайлообек Атазов менен Айгүл Айдарова ЖЭБдин абалы менен жакындан таанышып кайтышты. Аларды энергетика министри Таалайбек Ибраев кырсык катталган жерине алып барып, болуп өткөн окуя боюнча айтып берди.
“Негизинен, абал оор болгон экен. Дагы жакшы адистерибиз абалды көзөмөлдөп калышты. Жараат алгандарга Аллах Таалам шыпаа берсин. Сиздерге чоң рахмат. Мынтип, министр өзү өтүк кийип алып, кошо иштешип жүрөт. Өлкөбүздө тынчтык болсун”,- деди Шайлообек Атазов. Ал эми Айгүл Айдарова күнү-түнү иштеп жаткан жумушчуларга жана ЖЭБдин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, “абалдан чыгуу үчүн биз да колдон келген жардамыбызды аябайбыз”,- деди. Министр Таалайбек Ибраев депутаттарга ЖЭБ боюнча маалымат берди.
Белгилүү болгондой, жылуулук электр борбору 1961-жылы курулган. Аянты 62 гектарды түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз ишкер 4 жылга абакка кесилди

Алмата облусуна караштуу Карасай райондук сотунда кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаевди 4 жылга эркинен ажыратты. Ага “маңзатты мыйзамсыз алып жүргөн” деген айып коюлган. Ал Алмата шаарындагы “Алтын Орда” базарынын аткаруучу директору болуп иштеп турган мезгилинде камакка алынган. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн