Ысыктыктагы эң пайдалуу суусундуктар

Автор

Жайдын ысык аптабында эмне ичкен жакшы?
Айрыкча мөмө-жемиш ширелери, чөп кошулмасы бар чайлар, минерал суулары кайсынынсы суусундукту ыкчам кандырат? Адистердин айтымында жай мезгилинде пайдалуу суусундуктардын шарттуу рейтингин жасасаңыз, анда ал төмөнкүдөй болот:
Кант жана бал кошулбаган чөп чайлары.
Сиз каалагандай лимон же имбирдин бир кесимин кошсоңуз абдан сонун болот.
Ит мурундун кайнатмасы (термоско түнү менен демделет). Шекерсиз!
Кайнатылган сезондук мөмө, жемиштер(алма, өрүк) аз өлчөмдө, жыт үчүн” гана колдонулат. Аларды табигый түрүндө жеген да абдан жакшы.
Шекерсиз үй ширеси (жемиштерди 5 мүнөттөн ашык эмес кайнатсыңыз, андан кийин сиз жактырсаңыз, эзип алсаңыз болот).
Кант кошулбаган кургатылган жемиш компоту. Ооба, кургатылган мөмө-жемиштер фруктоза көп камтыйт, демек, калория. Бирок алардын курамында көптөгөн витаминдер жана минералдар бар. Компот ысыкта, кечки тамактан кийин 20-30 мүнөттөн кийин ичсе жакшы.

Бөлүшүү:
Next Post

Согуш чыгара жаздаган Мутху Ража мекенине кайтты

Пилди  Шри – Ланка аба майданына Өзгөчө кырдаалдар министри Варавут Силпа Аржа өзү жеткизип келди. “Мутху Ража” аттуу пил 2021-жылы Тайланд бийлиги тарабынан Шри – Ланкага белек катары берилген эле. Бирок, Буддисттердин сыйынуучу имаратында кармалып, ал жерде кыйноого кабылганы аныкталган. Мындан улам эки өлкө арасында кризиске себеп болгон 4 тонналык […]

Сизге жагышы мүмкүн