Франция  өзгөчө кырдаал киргизиши мүмкүн

Автор

Франция тополоңдон кийин өлкөнү тез арада калыбына келтирүү үчүн өзгөчө кырдаал киргизиши мүмкүн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон шаар экономикасын калыбына келтирүү процедурасын мүмкүн болушунча тезирээк баштоо үчүн өзгөчө кырдаал мыйзамын киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Макрон эң жаманы артта калганын жана баш аламандыктын туу чокусу өткөнүн айтат, бирок ал өзүнүн божомолдорунда этият бойдон калууда. Шаарларда полиция менен жандармериянын болушу азырынча ошол эле деңгээлде калат.

Президент шаар экономикасын калыбына келтирүү процедурасын тез арада баштоо үчүн өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзамды киргизүүгө даяр экенин кошумчалады.

Өлкөгө келтирилген зыян, Франциянын өнөр жайчылар биримдигинин эсеби боюнча, 1 миллиард еврого жетиши мүмкүн.

Акыркы маалыматтарга караганда, сотко 990 иш жөнөтүлүп, анын 480и тездетилген тартипте каралган. 380 эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. 2-июлдагы нааразылык акцияларында 1300дөн ашуун адам камакка алынган.

Эске салсак, 27-июнда Франциянын Нантер шаарында полиция кызматкери 17 жаштагы өспүрүмдү буйрукка баш ийбей койгону үчүн атып салган. Бул окуя бүткүл Францияда стихиялуу баш аламандыктарды жаратты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир айда бажылык түшүүлөрдөн бюджетке 9,8 млрд сом түштү

  Мамлекеттик бажы кызматы быйыл июнь айында республикалык бюджетке 9,8 млрд. сом бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Каржы министрлиги тарабынан белгиленген пландык көрсөткүчтөр 106,1%га аткарылды, же 558,4 сомго ашыкча жыйналды. “Бажылык түшүүлөр былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 млрд. сомго көбөйдү, же өсүү […]

Сизге жагышы мүмкүн