ФИФАнын президенти Кыргызстанга келет

Автор

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу футбол союзунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, футбол уюмунун башчысы Кыргыз футболдук союзунун (КФС) президенти Медербек Сыдыковдун чакыруусу менен келүүдө жана анын өлкөбүзгө биринчи сапары болмокчу. 4-5-майга белгиленген сапарынын алкагында Джанни Инфантино Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушат.

«ФИФАнын жетекчисинин Кыргыз Республикасынын Президенти менен бирге Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда, анын курулушу «FIFA Forward» программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын жакшыртуу жана ата мекендик футболду өнүктүрүү маселелери талкууланат», -деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

26-апрелде күтүлгөн аба ырайы

26-апрелге караган түнү Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24,   Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,   Баткен, Ош, […]

Сизге жагышы мүмкүн