Украина менен Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде бири-бирин айыптады

Автор

Украинадагы Каховка плотинасынын кыйрашынан кийин чукул жыйынга чогулган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Россия менен Украинанын делегациялары кол салуу боюнча бири-бирин айыпташты.
Бул жерде сүйлөгөн БУУнун баш катчысынын гуманитардык маселелер боюнча орун басары жана өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Мартин Гриффитс «Каховка плотинасынын бузулушуна байланыштуу келтирилген зыян ансыз да жаңжалдан жапа чеккен адамдардын жашоосу бир топ кыйындайт”,-деди.
Өз ара айыптоо
Россиянын Туруктуу өкүлү Василий Небензя анын өлкөсү “координацияланган жалган маалымат кампаниясына” туш болуп жатканын  айтты.
Сөз болуп жаткан дооматтардын «шизофрения» экенин белгилеген Небензия  «Киев тарабынан маанилүү инфраструктура объектилерине атайылап зыян келтирүү абдан коркунучтуу жана согуш кылмышы же террордук кол салуу катары мүнөздөлүшү керек»,-деди.
Украинанын БУУдагы туруктуу өкүлү Сергей Кислица “Бул Украинанын маанилүү инфраструктурасын бутага алган террордук чабуул. Анын максаты – көп сандаган жайкын тургундардын курмандыктарына жана кыйроолоруна алып келүү”,-деди.
Украинадагы Каховка плотинасынын кыйрашына байланыштуу БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш: «Бул Россиянын Украинага басып киришинин дагы бир коркунучтуу натыйжасы экени анык»,-деп  баа берген.
Каховка плотинасы
Украинанын Херсон аймагындагы орустар көзөмөлдөгөн Каховка плотинасы бомбалоодон чоң зыянга учурагандыктан, Днепр дарыясында суунун деңгээли тез көтөрүлгөн.
Аймактан алынган сүрөттөрдө суунун деңгээли имараттардын экинчи кабатына чейин көтөрүлгөнү көрүнүп турат.
Орус бийликтери болжол менен 44 миң калкы бар шаарды жана суу ташкынынан жабыркаган Голопристанский жана Алеши аймактарын эвакуациялоону чечкен.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Уу эмне?

Шамандан сурашыптыр: – Уу эмне? Шаман жооп бериптир: – Муктаждыгыңдан көп болгон нерсенин баары уу. “Күч, өч, кызганчтык, коркуу, сүйүү, эго керек болсо, жакшы ниет. Булардын баары ашыкча болсо, анын баары уу”,- деди шаман. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн