Түркия биринчи спутнигин учурат

Автор

Түркиянын биринчи байкоочу спутниги IMECE 11-апрелде космоско учурулат. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

«Биздин биринчи жергиликтүү IMECE байкоо спутнигибиз 11-апрелде орбитага чыгарылат. Биз адам ресурстарыбыз, мүмкүнчүлүктөрүбүз жана технологиябыз менен глобалдык космос жарышында алдыга жылууну улантабыз»,-деп жазды Эрдоган Твиттерде.

Аппаратты Түркиянын космостук технология изилдөө институтунун инженерлери иштеп чыгышкан. Долбоорду ишке ашыруу 2017-жылы башталган.

IMECE – “Tubitak Uzay” космостук технологиялар изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан жерди байкоо спутниги. Ал 680 чакырым бийиктикте майда нерселерди жогорку сапатта  сүрөткө тарта алат.

Спутник коргонуу секторунун муктаждыктары, табигый кырсыктарды башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн маалымат чогултат. Анын кызмат мөөнөтү беш жыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Ден соолугуңузга олутту зыян берчү 5 нерсе

Эгер ден соолугуңузга олуттуу зыян келбесин десеңиз, төмөндөгү 5 нерседен узак туруңуз.   Сосиска Кофе кремасы Бульон Кола Чипстер Адистер гамбургер, ход-дог жана сендвич сыяктуу  тез татым тамак-аштар денеде майланууга себеп болуп, өнөкөт ооруларды пайда кылат деп эскертишет Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн