Тышкы карызды тейлөөгө үч айда 9 млрд сом бөлүндү

Автор

2023-жылдын январь–март  айларында КР мамлекеттик карызын тейлөөгө (тышкы+ички) бюджеттен  9 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрилиги билдирди.

Бөлүнгөн каражаттын ичинен тышкы карызга 6.1 млрд сом сарпталган. Ички карызга 2.9 млрд сом.

2023-жылдын 1-кварталында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан (ГКВ жана ГКО) КРдин республикалык бюджетине иш жүзүндө 3.01 млрд сом келип түшкөн.

Анын ичинен:

ГКВ жайгаштыруунун эсебинен –  10,8 млн. сом,

ГКО жайгаштыруунун эсебинен – 3 млрд сом келип түшкөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Белгилүү модельер Валентин Юдашкин көз жумду

Мода дизайнери Валентин Юдашкин көз жумду. Юдашкин 59 жашта болгон. 2016-жылы дизайнерге бөйрөк рагы, андан кийин башындагы метастаздар диагнозу коюлган. Ошондон бери ал дарыланып жаткан. Юдашкин 1963-жылы 14-октябрда Москванын жанындагы Одинцоводо төрөлгөн. 1986-жылы Москва индустриалдык техникумун бүтүргөн. Валентин Юдашкин эмгек жолун 1980-жылдары баштаган. Анын биринчи коллекциясы 1991-жылы Парижде тартууланган. 1994 […]

Сизге жагышы мүмкүн