Теңгиз Бөлтүрүк 80 пайыз зыянды төлөп берди

Автор

Өткөн жуманын аягында камакта жаткан Теңгиз Бөлтүрүктү бошотушту. Башкы көзөмөл орган берген маалыматта анын мамлекетке келтирген  844 млн. 512 миң 858 сом зыянды төлөп бергени айтылып, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы үй-камагына өзгөртүлгөнү, ага коррупция беренеси менен иш козголуп, тергөөнүн жүрүшү менен мамлекетке  1 млрд. 146 млн. 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталганы, учурда келтирилген зыяндын 80 пайызы мамлекеттин казынасына кайтарылганы маалымдалган.

Бирок, коомчулук казынага олуттуу зыян кылган кишинин үй камагына чыгарылышына каршы пикирлерин билдирип жатышат. Белгилүү коомдук активист Канат Хасанов ” ай, бир мандем жатат деп ойлойм, муну жөн чыгарышкан жок. Качырышат же, киши колдуу кылып, көп сырлардын изин бууйт го деген ойдо олтурам”,- деген пикирин бөлүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер башталды

Улуу Жеңиш күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер Жалал-Абад облусунда башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады. Оюндар Жалал-Абад шаарындагы “Телтору” ат майданында 2-майда башталып, 9-майда жыйынтыкталат. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген командалар катышары күтүлүүдө. Мелдештин жүрүшүндө көк бөрү, эр эңиш, ат оюндары, кунан чабыш, ат чабыш, […]

Сизге жагышы мүмкүн