Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Автор

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Масадыков Таалатбек Шамудинович 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.
Президент Садыр Жапаров Таалатбек Масадыковго жооптуу ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны бир айда 50% өстү

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эпидемиологиялык отчетуна ылайык, дүйнө жүзү боюнча COVID-19 менен ооругандардын саны 28 күндүн ичинде мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 52% өсүп, 850 миң учур катталды. “Дүйнө жүзү боюнча, 2023-жылдын 20-ноябрынан 17-декабрына чейинки 28 күндүк мезгил ичинде COVID-19 инфекциясынын жаңы учурларынын саны мурунку 28 күндүк мезгилге салыштырмалуу 52% көбөйдү. […]

Сизге жагышы мүмкүн