Садыр Жапаров “Мурас” футбол турнирине катышат

Автор

Бишкекте 8-9-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаров футзал боюнча кезектеги “Мурас” турниринин төртүнчү оюнуна катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы билдирди.

“Газпром” спорткомплекси менен Спорт сарайында өтө турган иш-чарада 16 команда ат салышат. Алар группалык этаптын алкагында бир айлампа ойношот, андан соң чейрек финал, жарым финал жана финал өтөт.

Турнирдин максаты — дени сак жашоону, футзалды пропагандалоо жана коомчулуктун түрдүү сферасындагы өкүлдөрдүн достук мамилесин өркүндөтүү. Оюндардын түз эфири УТРК жана ЭлТР телеканалдарынан көрсөтүлөт.

Турнирдин катышуучулары:

Президенттин командасы;

 

Маданият өкүлдөрү;

 

Белгилүү ишкерлер;

 

ЖМК өкүлдөрү;

 

Футбол ардагерлери;

 

Спорттук федерациялардын жетекчилери;

 

Жогорку Кеңештин депутаттары;

 

Президенттин облустардагы өкүлдөрү, калаа мэрлери, район акимдери;

 

Диний кызматкерлер;

 

Ооруканалардын башкы дарыгерлери;

 

Мектеп директорлору, окуу жайлардын ректорлору;

 

Сот бийлигинин өкүлдөрү;

 

Күч структураларынын өкүлдөрү;

 

Белгилүү спортчулар;

 

КР элдер ассамблеясы, диаспора жетекчилери;

 

Банк жетекчилери.

Бөлүшүү:
Next Post

Бийликчил депутат "туунун өзгөрүшүнө эл каршы" деди

Эл туунун өзгөрүшүнө каршы. Мен элди колдойм. Азыр калк бул тууңарды ээрчибейбиз деп жатышат. Туудан колуңарды тарткыла деп жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев билдирди. “Экинчи окууда биз бул маселени карайбыз. Элдин үнүн угам мен. Бул туу 30 жылда ар бир үйгө кирип, элдин жүрөгүнө жакын болуп калган […]

Сизге жагышы мүмкүн