“Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өттү

Автор

“Рух Ордо” борбору мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан С.А.Б. аттуу КР жараны кармалган.
“2023-жылдын 18-декабрында С.А.Б. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борборун мамлекеттин балансына өткөрүп, республикалык бюджетке 537 млн сом кайтарды”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Тууну өзгөртүү мыйзамын ЖК комитети дароо эки окууда жактырды

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды. Эми мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында талкуулайт. Депутат Чолпон Султанбекованын айтымында, 5 фракциянын — “Ата Журт Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Элдик”, […]

Сизге жагышы мүмкүн