Путин Си Цзиньпинди юбилейи менен куттуктады

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди 70 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктап, Кремлдин сайтында жарыяланган телеграммасында ал Кытай лидеринин мамлекеттер ортосундагы мамилелерди чыңдоо аракетин баса белгиледи.
«Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм»,-деп айтылат кайрылууда.
«Мен Россия менен Кытайдын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалогубузду жана тыгыз биргелешкен ишибизди улантууну чыдамсыздык менен күтөм»,-деп айтылат расмий куттуктоонун текстинде.

Бөлүшүү:
Next Post

Бекжан Супаналиев билим берүү жана илим министринин орун басары болуп дайындалды

Супаналиев Бекжан Төрөбаевич Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жаңы орун басарын эмгек жамаатына билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев тааныштырган. Супаналиев Бекжан Төрөбаевич 1977-жылы 11-июлда Токмок шаарында туулган. Жогорку билими бар. 2000-жылы Беларусь […]

Сизге жагышы мүмкүн