Президент Эрдоган жаңы кызматына киришет

Автор

Президент Режеп Тайып Эрдоган  жаңы президенттик кызматына расмий түрдө киришет. Чет элдик лидерлер  катыша турган аземде Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Жыйынында ант берет.

28-майдагы шайлоодо дагы бир жолу президент болуп шайланган Режеп Тайып Эрдоган 2028-жылга чейин улана турган кызматын расмий түрдө баштады.

Алгачкы азем Түркия Улуу Улуттук Парламентинде болот. Президент Эрдоган алгач парламенттин убактылуу төрагасы катары мандатын Улуттук Элдик партиясынын лидери Девлет Бахчелиден алат, андан соң жалпы кеңеште ант берет. Ага 20дан ашык мамлекет жана өкмөт башчылары катышат

Парламенттеги аземден кийин Эрдоган Ататүрктүн күмбөзүнө гүлчамбар коёт. Андан соң Улуттук пакт мунарасында Аныткабир  атайын китебине кол тамгасын калтырат. Президент Эрдоган куттуктоолорду Бештепеде кабыл алат. Бул жерде сүйлөгөн сөзүндө ал жаңы доордун жол картасы тууралуу да билдирүүлөрдү жасайт. Жаңы министрлер кабинети Чанкая сарайында жарыяланат

Бөлүшүү:
Next Post

Исхак Масалиевге кезек келеби?

  Мыйзам боюнча камакта отургандардын иши сотко ашпаса, алардан камактан бошотулушу керек экени айтылууда. Мындан улам Кемпир-Абад маселеси боюнча соттолгондордун иши жакында сотто карала баштайт жана айып тагылат. Бирок, Кемпир-Абад боюнча жыйынга баргандардын ичинде Исхак Масалиев да бар. Бул боюнча депутат Балбак Түлөбаев да билдирген. Адахан Мадумаровдон кийин Исхак Масалиевге […]

Сизге жагышы мүмкүн