Президент Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

“Кымбаттуу мекендештер жана Ооган согушунун ардагерлери!

Жолдош жоокерлер, сержанттар, офицерлер жана генералдар!

1989-жылдын дал ушул күнү дээрлик 10 жылга созулган Ооган согушу аяктап, Советтик Армиянын чектелген аскердик контингенти Ооганстандан чыгарылган.

Андан бери туура 35 жыл өтсө дагы, биз бул күндү Ооган согушунда курман болгон мекендештерибизди эскерип, алардын өлбөс-өчпөс эрдигине таазим кылып, Ооган согушунун ардагерлерине урмат көрсөтүү күнү катары салтка айлантып келебиз.

Кан күйгөн Ооган согушуна аттанган 7 миңден ашуун кыргызстандыктын 300гө жакыны баатырдык көрсөтүп, курман болушса, 1500 жоокер жарадар болуп, 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Биз бул күнү алмончоктой уулдарынан айрылган ар бир ата-эненин көз жашы менен кайгысына ортоктош болобуз.

Ооганстанда интернационалдык милдетин аткаруу учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган 247 кыргызстандык жоокер менен башыбызды бийик көтөрүп сыймыктанабыз. Ажал огунан тайманбай, кан кечип жүрүп курман болгон Айкөл Манастын урпактарын биз эч качан унутпайбыз жана унутууга акыбыз жок! Алардын эрдиги кыргызстандыктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат!

Бүгүнкү күндө Ооган согушунун ардагерлери Мекен үчүн, эл-журт үчүн канын-жанын аябаган эр жүрөк азаматтарыбыздын башында турарын баса белгилейм. Алар 1999-2000-жылдардагы Баткен – Чоң-Алай коогалаңында, андан кийинки Мекенибиз туш болгон кыйын кырдаалдарда алдыңкы катарда тикесинен тик туруп келишкенин баарыбыз жакшы билебиз. Алардын эрдиги менен каармандыгы жаш муундардын демине дем, күчүнө күч кошуп, кайрап, бүлөп турары шексиз.

Урматтуу Ооган ардагерлери!

Тагдыр сиздерге Ооган согушунун катаал сыноолорунан өтүүнү гана эмес, Ата Мекенибиз Кыргызстандын тынчтыкта өсүп-өнүгүүсү үчүн атуулдук парзды аткарууну да буюрган экен. Биз Мекен чегин коргоого ар дайым даяр эр-азаматтарыбызды ар тараптан колдоп алабыз. Мамлекеттин сиздерге болгон камкордугу жана сый-урматы мындан ары дагы улантылат.

Советтик Армиянын чектелген аскердик контингенти Ооганстандан чыгарылган учур сиздер үчүн күнү бүгүнкүсүндөй көз алдыга тартылат. Бул күн – сиздер үчүн өзгөчө күн. Ошондуктан бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиздер менен кошо сиздерди ар дайым колдоп келе жаткан үй-бүлөңүздөргө ыраазычылык билдирем. Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.

Мекенибизде дайыма тынчтык болуп, бакубатчылык өкүм сүрсүн!”.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 15-февралга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.50 сомдон болсо, сатуу 89.70 сом болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 43 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн