Пашинян ЖККУдан чыгууну ойлонуп жатканын кыйытты

Автор

“Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу чечимине келе элек.  Ереван кийинки кадамдары тууралуу ойлонууга убакыт берип жатат”.  Армениянын премьер-министри ЖККУнун ноябрь айынын аягына белгиленген жыйынына катышпоо чечимине ушундай комментарий берди.
«Эң чоң фундаменталдуу көйгөй – ЖККУ Арменияда өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн бекитүүдөн баш тартууда.  Эгерде биз ЖККУнун иш-чараларына бул шарттарга унчукпай катышсак, Армениянын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнө шек туудурган логикага кошула алабыз»,-деди Никол Пашинян Армения парламентинде сүйлөп жатып.
Пашинян 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУнун жыйынына катышуудан баш тарткан.  Анын бир нече себептери бар экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң креативдүү футболчулар аныкталды

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борбору (CIES Football Observatory) быйылкы сезондо мүмкүнчүлүк жараткан дүйнөнүн 100 мыкты футболчусунун рейтингин жарыялады. Маалыматка ылайык, тизмени түзүүдө  90 мүнөттөгү негизги пастардын жана ойнолгон матчтардын саны эсептелген. Бул сезондо бир команда үчүн өз лигасында кеминде 630 мүнөт ойногон оюнчулар гана эсепке алынган. Дүйнөдөгү эң креативдүү оюнчулардын […]

Сизге жагышы мүмкүн