Пашинян ЖККУдан чыгууну ойлонуп жатканын кыйытты

Автор

“Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгуу чечимине келе элек.  Ереван кийинки кадамдары тууралуу ойлонууга убакыт берип жатат”.  Армениянын премьер-министри ЖККУнун ноябрь айынын аягына белгиленген жыйынына катышпоо чечимине ушундай комментарий берди.
«Эң чоң фундаменталдуу көйгөй – ЖККУ Арменияда өзүнүн жоопкерчилик чөйрөсүн бекитүүдөн баш тартууда.  Эгерде биз ЖККУнун иш-чараларына бул шарттарга унчукпай катышсак, Армениянын аймактык бүтүндүгү жана эгемендүүлүгүнө шек туудурган логикага кошула алабыз»,-деди Никол Пашинян Армения парламентинде сүйлөп жатып.
Пашинян 23-ноябрда Минскиде өтө турган ЖККУнун жыйынына катышуудан баш тарткан.  Анын бир нече себептери бар экенин айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Кекечтиктин негизги белгилери

Кекечтиктин негизги белгиси – айрым тыбыштарды, муундарды же сөздөрдү кайра-кайра кайталоо, тыбыштарды узартуу, сөздөрдүн ортосунда тыныгуу, кептин башкаларга түшүнүксүз жана үзгүлтүккө учурашы болуп саналат. Диагноз коюу үчүн мындай бузулуулар бейтапта үч айдан ашык болушу керек жана сүйлөө сапатын бир топ төмөндөтүшү керек. Чоң кишилерде кекечтенүү күн сайын боло бербейт – […]

Сизге жагышы мүмкүн