Орусия ӨКМге тик учак берди

Автор

Президент Садыр Жапаров кесиптеши В.Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков билдирди.

«Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, 2 жамбашында кошумча май бактары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган. Өзгөчө кырдаалдар тармагындагы техникалар улам жаңыланып, мүмкүнчүлүктөрү кеңейип жатат»,-деп жазган ал.

Бөлүшүү:
Next Post

Лавров Пекинге келди

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кытайга сапарын баштады. Ал Пекинге келди. Ал “Бир алкак, бир жол” эл аралык форумуна катышат. Форумдун алкагында анын кытайлык кесиптеши Ван И менен сүйлөшүүлөр пландалып жатканын Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова буга чейин билдирген. Сапар 18-октябрда аяктары күтүлүүдө. Форумга Россиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн