“Мадина” базарынын ээси Турсунбай Салимовдун уулу кармалды

Автор

“Мадина” базарынын негиздөөчүсү Турсунбай Салимовдун уулу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Маалыматка ылайык, КР УКМК уюшкан кылмыштуу топторду каржылоону ишке ашырган уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө жана айрым ишкердик субъекттерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси (Уюшкан топторду жана кылмыштуу топторду каржылоо) боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында, «Мадина» соода борборунун негиздөөчүсү Т.Салимовдун уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренеси менен кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тактап айтканда, И.С., К.Асанбектин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде К. Асанбектин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган. Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да К.Асанбектин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Белгилей кетсек, К.С. 2020-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоодо депутаттыкка талапкер катары көрсөтүлүп, ал К.Асанбектин квотасы боюнча «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлеринин тизмесине киргизилген.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берди. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди. Министр ар-намысын коргоо үчүн Ленин райондук сотуна кайрылган. Материалдык жана моралдык зыянга 10 миң сом доо койгон. Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уюшкан […]

Сизге жагышы мүмкүн