Көлбаевдин унаалары атайын кызматка өтпөгөнү айтылды

Автор

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан берилген маалыматты четке кагып, кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны атайын кызмат албаганын билдирди.
«УКМК буга чейинки ыкчам-тергөө иштерининин жүрүшүндө Көлбаевге таандык унааларды аныктап, бул мүлк боюнча чечим кабыл алуу үчүн аларды Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүп берген. УКМКнын балансында өзүнүн милдетин аткарууга жетиштүү сандагы автоунаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл мүнөздөгү, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик мекемелердин гана маалыматтарын алууга чакырат”,- деп айтылат билдирүүдө.
17-январда аталган агенттик мурда кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны президенттин иш башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп бергенин билдирген.
Атайын кызмат ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдө кеңири жайылган ырым-жырымдар

Дүйнөдө кеңири жайылган ырым-жырымдар 1. Кара мышык Баардыгыңызга белгилүү болгондой көп өлкөлөрдө жолдон кара мышык өтсө бир жамандык болоору маанисине келет. Бир жагынан Жапония, Англия жана Ирландия сыяктуу өлкөлөрдө кара мышык ийгилик алып келээрине ишенишет. 2. Сынык күзгү Сынык күзгүнүн бактысыздык алып келээри өтө жайылган ишеничтердин бири. Бул ишенич дагы […]

Сизге жагышы мүмкүн