Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн айдоочуларга чатырлар тигилди

Автор

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

«Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду», — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 22-августта аталган жерде Чүй облусу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын облустук жыйыны дагы өттү.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептердеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекиди

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев 2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарында ижарага бериле турган окуу китептеринин тизмектерин жана окуу китебинин ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык, 2023-2024-окуу жылында окутуу кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн […]

Сизге жагышы мүмкүн