Кыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында үч коло медаль утту

Автор

Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпионатында үч коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Мелдеш Португалиянын Албуфейра шаарында 17-25-ноябрь күндөрү өткөн. Ага 70 өлкөдөн келген 573 спортчу катышкан.

Фулл-контакт боюнча 91 кг чейинки салмакта Куан Абдыраимов, лоу-кик боюнча 91 кг чейинки салмак категориясында Нурлан Токтобакиев жана кик-лайт түрү боюнча 63 кг чейинки салмакта Мирбек Сүйүнбаев коло медалга ээ болушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Аба тазалагычтар топ-тобу менен сатылууда

Индиянын борборун уулуу туман каптап жатат. Жаңы Делинин миңдеген тургундары көз жана тамак ооруларынан жабыркап жатышат. Адамдар аба тазалагычтарды сатып алууда. Мектептер уулуу түтүндөн улам жабылды. Абанын кескин булганышына температуранын сезондук төмөндөшү, шамалдын жоктугу жана дыйкандардын дан калдыктарын өрттөшү себеп болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн