Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатына катышат

Автор

Гонконгдо марафон боюнча Азия чемпионатына кыргызстандык жеңил атлетчилер, эл аралык спорт чеберлери Илья Тяпкин менен Гүлшаной Сатарова катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-январда өтчү жарышка дүйнөдөн 70 миңдей жөө күлүк катышат. Жогорку нымдуулуктун деңгээлине байланыштуу Гонконг марафону башка негизги марафондорго салыштырмалуу жайыраак өтөт.
Гонконг марафонунда Бүткүл дүйнөлүк жеңил атлетика федерациясы (IIAF) критерийлери боюнча “Алтын белги” тапшырылат.

Бөлүшүү:
Next Post

20-январга карата аба ырайы

Эртең, 20-январда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…-6 Талас өрөөнүндө түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3 Нарын облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн