Кыргызстанда эртеңден тарта туруксуз аба ырайы күтүлөт

Автор

13-15-октябрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт.

 

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, эртең, 13-октябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарда жаан, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 

13-15-октябрларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, күндүз 4…9°, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде -1…-3° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 11…16°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, айрым жерлерде 0…-2° үшүк, күндүз 5…10°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -3…+2°, күндүз 4…9° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 1…6° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6° суук болушу күтүлөт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12- октябрда күндүз жана 13-14-октябрларда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Мындай үшүктүн жүрүшү мөмө жана жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы жана жүгөрү үчүн коркунучтуу.

Бөлүшүү:
Next Post

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга өстү

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 4 пайызга өстү.  Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү алдын ала баалаганда 808 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 4,2 пайызга өскөн. Айрыкча  көрсөткүч тейлөө тармагы, өнөр жай, айыл чарбасынын үлүшү, курулуш тармактары менен […]

Сизге жагышы мүмкүн