Кыргызстанда кышкы туристтик сезон 14-декабрда ачылат

Автор

Бишкекте кышкы туристтик мезгилдин расмий ачылышы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара 14-декабрда “Бишкек Арена” шаардык муз тебүүчү аянтчасында өтмөкчү. Башталышы саат 11:00.
Туристтик мезгилдин ачылышы коньки тебүү, хоккей, муз үстүндө акробатика чеберчилигин көрсөтүү, белгилүү ырчылар жана бийчилердин катышуусундагы концерттик программа менен коштолот. Ошондой эле катышуучулар арасында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар кызыктуу сынактар уюштурулат.
Андан тышкары, шаардыктарды бул күнү муз тебүү үчүн “Бишкек Арена” тарабынан 50% арзандатуу күтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкек шаарында 9-10-декабрда кезектеги айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат. Бул жолу Бишкектин Биринчи май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Жарманкенин максаты — атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин продукцияларын сатууга, шаар […]

Сизге жагышы мүмкүн