Кумтөр I-кварталда бюджетти дээрлик 3 млрд сомго толуктады

Автор

Үстүбүздөгү жылдын I-кварталында Кумтөрдөн бюджетке 2.9 млрд сомдон ашык каражат которулган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Которулган каражаттардын басымдуу бөлүгү – 2.8 млрд сом – алтын өндүрүүчү компаниянын дүң кирешесине салык. Ошондой эле, Кумтөр Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүүгө 132 млн сомдон ашык салым кошкон.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы «Кумтөр Голд Компани» (КГК) Кыргызстандын бюджетине 32.1 млрд сом салыктарды, Социалдык фондго чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Жакынкы аралыкта катуу шамал болушу күтүлүүдө

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эки саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу Кыргызгидромет шаардыктарды этият болууга чакырат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн