Кара-Суу базарында акча талап кылган салыкчылар кармалды

Автор

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылгандыгы үчүн кармалды, деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, УКМК салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схеманы токтотту.
Ушул жылдын 15-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.
УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ишкер келгиндер боюнча далил көрбөгөнүн айтты

Америкалык миллиардер жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск жаңы билдирүү жасады. Анын айтымында, ушул убакка чейин ал келгиндердин бар экендигинин далилин көрө элек. Ишкер Римдеги коомдук иш-чарада сүйлөп жатып, Саманчынын жолунун биздеги бөлүгүндө адамзат аң-сезими бар жашоонун бирден бир түрү экенин кабыл алганын мойнуна алды. “Биз галактиканын бул бөлүгүндөгү жалгыз […]

Сизге жагышы мүмкүн