Ири иш таштоо: Айдоочулар иштебей, дыйкандар жолдорду буушту

Автор

Германия иш таштоолордун толкунуна дуушар болду. Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин айдоочулары үч күндүк нааразылык акциясын башташты, бул өлкөнүн бардык аймагында темир жол каттамдарынын үзгүлтүккө учурашына алып келди. Ошол эле маалда немис дыйкандары субсидияларды кыскартууга каршы нааразылык билдирип, жолдорду тосууну улантышууда.
Deutsche Bahn (DB) улуттук темир жол операторунун маалыматы боюнча, алыскы каттамдагы поезддердин 80 пайызга жакыны токтотулган. Чектөөлөр аймактык транспортко да таасирин тийгизет. Машинисттердин профсоюзу эмгек акыны жогорулатууну, жумуш убактысын жумасына 38 сааттан 35 саатка чейин кыскартууну талап кылууда. Deutsche Bahn бул талаптарга жооп бере албасын айтат. Айдоочулардын нааразылыгынан улам миллиондогон жүргүнчүлөр пландарын жокко чыгарууга же көздөгөн жерлерине жетүүнүн башка жолдорун издөөгө аргасыз болушкан. Иш таштоо 10-январда башталып, 12-январда саат 18:00дө бүтүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты уланууда

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтүүдө: биринчи күндүн жыйынтыгы: 2-орун Сыргак Максатбеков; 3-орун Барсбек Асанкожоев; 3-орун Нурдөөлөт Абасов; 63 кг 1-орун Дастан Кадыров; 2-орун Автандил Таалайбек уулу; 3-орун Калмурат Ибрагимов; 3-орун Мухаммед Калбаев. 72 кг 1-орун Адилхан Нурланбеков; 2-орун Ийгилик Сатымкул уулу; 3-орун Ырыскелди Хамзаев; 3-орун Имур Темирбеков. 82 […]

Сизге жагышы мүмкүн