Зеленский Запорожье жана Донецкке барды

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Запорожье багытындагы аскерлердин «Таврия» оперативдүү-стратегиялык тобунун курамындагы күжүрмөн бригадалардын командалык пункттарына барды.

Telegram каналында жазгандарында «148 өзүнчө артиллериялык бригада, 82 өзүнчө аба чабуулу бригадасы. Украина үчүн жеңишке жетүү жолунда жасаган ар бир кадамыңыз үчүн рахмат!”,-деп жазды Зеленский.

4-сентябрда украин президенти Донецк облусуна да келип, Донецк оперативдүү-тактикалык тобунун курамында согуштук бригадаларга барды.

«Маанилүү докладдар, көйгөйлүү маселелер,  бригадаларды камсыздоо боюнча көмөкчү башкаруу системасын түзүү, жоокерлерибиздин мотивациясын жогорулатуу. Ар бири өзгөчө, бирок бардыгы күчтүү!»,-деди Зеленский.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар” октябрда Бахрейн менен беттешет

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  12-октябрда Бахрейн футболчулары менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш 12-октябрда Бахрейндин борбору Манамада шаарында өтөт. Эске салсак, “Ак шумкарлар” учурда Дубай шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жүрөт.   Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн