Дем алыш күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

Бишкекте 2-3-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

“Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат”, – деп белгилешти министрликтен.

Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Кургак учуктан сактаныңыз

Кургак учук – бул туберкулез микобактериясынан келип чыккан жугуштуу оору. Көбүнчө өпкө жабыркайт, бирок башка органдарга жана системаларга, анын ичинде лимфа, жыныс, таяныч-кыймыл жана нерв системаларына да таасир этиши мүмкүн. Кургак учук жөтөлгөндө, чүчкүргөндө же сүйлөшкөндө ооруган адам менен байланышта аба аркылуу жугат. Бирок микобактериялар менен ооруган адамдардын баары эле […]

Сизге жагышы мүмкүн