Бүгүн  дүйнө чемпионаттында Жоломан Шаршенбеков  килемге чыгат

Автор

Бүгүн, 22-сентябрда Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча эки кыргызстандык балбан таймашка чыгат.

62 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков жана 97 кг салмакта Бексултан Махмудов күрөшөт.

Шаршенбековдун бул дүйнө чемпионатындагы биринчи беттеши 1/16 финалдан башталып, ал литвалык Юстас Петравичюс менен күч сынашат.

Бексултан Мадмудов да 1/16 финалдан баштап таймашка чыгат. Ал ким менен күрөшөрү азырынча белгисиз. Махмудовдун атаандашы грециялык Лаократис Кесидис жана египеттик Мохамед Али Элсаед Габрдын ортосундагы беттеште аныкталат.

Сербиядагы дүйнө чемпионаты 16-сентябрда башталган, ал 24-сентябрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Италиянын легендарлуу балеринасы Кыргызстанга келди

Атагы даңазага айланган, кыргызды дүйнөгө тааныткан кайталангыс талант Чолпонбек Базарбаев менен бийлеген италиялык легендарлуу балерина Лилиана Кози 50 жылдан соң кайрадан Кыргызстанга келди. 1977-жылы Бишкек андагы Фрунзе шаары эле эмес, 15 союздук  республикадан куралган мамлекет дүңгүрөп турду. Себеби Италиянын прима- белеринасы Лилиана Кози андагы үлкөн мамлекеттин ичинен Кыргызстанга, балеттин геннийи […]

Сизге жагышы мүмкүн