Бишкекте Италия киносунун күндөрү башталды

Автор

Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында Италия киносунун күндөрү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Кинематография департаментинин директору Акжолтой Бекболотов, Италиянын Маданият министрлигинин кино жана аудиовизуалдык искусство башкы башкармалыгынын атайын долбоорлордук жетекчиси Роберто Стабиле катышты.

Андан соң келген конокторго “Даньте” тасмасы көрсөтүлдү.

Бүгүн, 16-ноябда саат 12:00дө “Орландо”, саат 14:30да Ipersonia тасмасы көрсөтүлөт. Эки тасма тең “Ала-Тоо” кинотеатрынын кичи залында коюлат. Кирүү акысыз.

Бөлүшүү:
Next Post

Трампка президенттик шайлоого катышууга уруксат берилди

Мичиган соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампка Капитолийди басып алуудагы ролуна карабай келерки жылдагы президенттик шайлоого катышууга уруксат берди. Сот саясатчынын 2021-жылы болгон Капитолийди басып алуудагы ролу анын АКШ президенти болуп кайра шайлануу укугун чектейт деген жүйөлөрдү четке какты.  Мындай угуулар мурда Колорадо жана Миннесота штаттарында башталган.  Трамп өзү бул […]

Сизге жагышы мүмкүн