Бишкекте ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда

Автор

Бишкек ЖЭБди калыбына келтирүү иштери уланууда. Бул тууралуу ыкчам штабтын маалыматка караганда, учурда Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 245 МВт.
6 отказан агрегаты жана 3 турбоагрегат иштеп жатат.
Жылуулук тармактарына тармактык суунун чыгымы 20 500 т/саат, температурасы 35 градустан 68 градуска чейин.
Электр энергиясын иштеп чыгаруу 5.505.280 кВт.саат. Дагы бир казан агрегаты жана бир турбоагрегат отко даярдалып жатат.
Эскерте кетсек, 2-февралга караган түнү болжол менен саат 03:00дө Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан. Беш кызматкер жабыркап, ооруканага түштү.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский барын тосууга кудуреттүү курал алганын айтты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев абадан коргонуунун жаңы системаларын алганы менен мактанды. Ал Telegram-каналында жарыялап, жеткирүүлөрдүн бардык чоо-жайын ачык айтпай турганын белгиледи. Зеленский украин бийликтери бир нече айдан бери жабдууларды жеткирүү боюнча иштеп жатканын кошумчалап куралды “баарын тосууга кудуреттүү” деп ишендирди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн