Бишкекте боорду трансплантация операциясы ийгиликтүү өттү

Автор

Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун дарыгерлери 40 жаштагы оорулунун боорун трансплантация кылышты, операция ийгиликтүү өттү. Белгилүү болгондой, оорулуу 7 жыл бою гемодиализ аркылуу жашап келген. Ага өзүнүн бир тууган эжеси донор болуп берди.
Белгилей кетсек, аталган борбордо 2018-жылдан бери ушундай операция жасалып келет. Бүгүнкү кезге чейин 44 учур катталган. Ал эми 2023-жылы 8 ооруулунун боору ийгиликтүү которулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бөйрөктөгү таштын пайда болушуна эмнелер себеп болот?

Бөйрөктөгү таштар бөйрөктө түрдүү заттардын топтолушуна байланыштуу пайда болушу мүмкүн. Көбүнчө бөйрөктөгү таштар заарада болгон минералдардан жана туздардан пайда болот. Бул заттардын концентрациясы өтө жогору болгондо, алар акырында ташка айланып, чөкмө пайда кылышы мүмкүн. Бөйрөктөгү таштын пайда болушуна ар кандай факторлор себеп болот. Бул генетикалык ыктуулук, туура эмес тамактануу, суюктуктун […]

Сизге жагышы мүмкүн