Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

Автор

Бишкекте 25-26-ноябрдан тарта кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу  Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

“Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат”, – деп белгилешти министрликтен.

Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Свердлов районунун акими алмашты

Алтынбек Кутманов Бишкек мэриясынын Свердлов административдик району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты. Аким президенттин 2021-жылдын 17-июнундагы № 266 “КР президентинин администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө” жарлыгына ылайык дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн