Билим берүү министри Догдургүл Кендирбаева болобу?

Автор

Көптөгөн талаш – тартыштардан кийин Билим берүү жана илим министрлигин Догдургүл Кендирбаева жетектемек болгонун өздүк булактарыбызга билдиришти.  Ал билим берүү министринин орун басары, кеңешчиси кызматтарын аркалап, кийинчерээк «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фондунун аткаруучу директорлугуна дайындалган. Өлкөнүн билим берүү тармагын өркүндөтүүгө жана балдарды тарбиялоого байланышкан эмгектери  жарык көргөн.

Догдургүл айымдын министрлик кызматка дайындалышы аталган тармактын өнүгүшүн шарттайт деген пикирлер айтылууда. Айтор, жаңы министр орун басарларын алмаштыра бербей иштетип, мугалимдер чөйрөсүнө үмүт берсе деген тилек.

Бөлүшүү:
Next Post

Парламентте Рыспай Абдыкадыровдун керээзи айтылды

Обончу жана аткаруучу Рыспай Абдыкадыровдун эстелиги өзүнүн керээзи боюнча Жалал-Абад курортуна курулат. Бирок, маданият жана маалымат министрлиги анын 3 млн чыгымын табалбай жатат. Бул тууралуу бүгүн,  28-сентябрдагы парламенттин жыйынында депутат Марат Мураталиев маселе козгоп, каражат таап берүүнү ммнистрлер кабинетинен суранды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн