Баткенде Айгүл гүлү гүлдөдү

Автор

Баткен шаарынан 17 чакырым алыстыкта жайгашкан Айгүл Таш тоосунун боорунда гана өскөн Айгүл гүлү гүлдөдү. Бул тууралуу сүрөттөрдү соцтармактын колдонуучулары жарыялады.⠀
Айгүл гүлү жыл сайын Апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 мге чейин өсөт жана тоонун күңгөй эмес тескей капталында өсүп турат.
Белгилей кетсек, “Айгүл-Таш” мамлекеттик коругунун аянты 253,9 гектарды түзөт. Ал жерде дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү өсөт. Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийинчерээк 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Бөлүшүү:
Next Post

ХАМАС барымтадагыларды таба албай жатканын билдирди

ХАМАС тобунун өкүлдөрү барымтадагы 40 адамды таба албай жатканын айтышты. Израил менен ХАМАСтын ортосундагы акыркы сүйлөшүүлөрдө үч этапта барымталарды алмашуу планы сунушталган. Алты аптага созула турган биринчи этапта ХАМАС туткунда калган аялдарды, улгайгандарды Израилге өткөрүп бермек. Алардын саны 40 киши деп эсептелген. Израил барымтадагылардын ар бири үчүн түрмөлөрдөгү аялдардын, кары-картаңдардын […]

Сизге жагышы мүмкүн