Балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

Автор

Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар “Ала-Тоо” борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

 

Майрамдык иш-чаралар 31-майда башталмакчы: саат 14:00дө Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Наристе” фестивалынын салтанаттуу ачылышы болот. Кеңири масштабдагы иш-чарага Россия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.

1-июнда саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өтөт.

Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулат.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго “Наристе” фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган DBillions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Майрамды Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен биринчи айымдын “Эне-балага тирек” коомдук фонду уюштурууда.

Калаанын райондорунда да майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Кененирээк маалымат менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга жана фонддорду түзүүгө тыюу салынды

Президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Соңку жылдары КР министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан […]

Сизге жагышы мүмкүн