Аптанын икиясы: Күзгү жөнүндө

Автор

Бир адам акылманга суроо берди:
– Эмне үчүн кедейлер башкалардын бактысыздыгына боор оорушуп, жардам беришет, бирок байлар андай эмес?
«Терезеден карачы, эмне көрүп жатасың?» – деп жооп берет акылман.
– Көп нерселерди: дарактар, булуттар, көчөдө балдар ойноп жатышат.
“Эми күзгүгө кара, – деп улантты, – анда эмнени көрүп жатасың?”
– Албетте, өзүмдү.
– Эми түшүндүңбү? Сен жөнөкөй айнектен карап, айлана- тегерегиңди дүйнөнү көрдүң. Бирок бир аз күмүш сыйпап койсо, өзүңдөн башканы көрө албай каласың.

Бөлүшүү:
Next Post

Петрушканын ден соолукка пайдалары

Петрушка ден соолукка абдан пайдалуу. Анын курамында көптөгөн пайдалуу заттар, анын ичинде К, С жана А витаминдери, фолий кислотасы, калий, темир жана башка минералдар бар. Петрушка ошондой эле антиоксиданттардын эң сонун булагы болуп саналат, алар денени эркин радикалдардан коргоого жана клеткалардын бузулушун алдын алууга жардам берет. Бул жашыл жалбырактуу жашылча […]

Сизге жагышы мүмкүн