Аптанасаат: Жээренче чечендин накылы (ХIV-ХV)

Автор

– Ээ, чеченим, бул дүйнөдө үчөө: агып жаткан суу, асман тиреген тоо, ааламды жаркын нурга белеген күн өлбөйт дейт, чынбы?
– Жок, алар да өлөт. Кычырап кыш келип, борошолоп кар жааса, тоонун башын ак басат – өлбөгөндө не болду. Арылдап аккан дайра жок булактын көзүн муз басса, суу өлбөгөндө не болду. Асманда булут ойноктоп, нурду жерге жеткирбейт – күн өлбөгөндө не болду.
– Андай болсо, атасы өлгөн не болот?
– Атасы өлгөн аскар-зоосу ураган менен тең болот. Куудай сакалын агартып, кузгундай көзүн кызартып, кыйналганда дем берип, төрдө отурса атакең – аскар зоо болбогондо не.
– Энеси өлгөн не болот?
– Энеси өлгөн – элин жоо чапкан менен тең болот. Каргадайдан чоңойтуп, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көлөкөңдөн айланса – эл болбосо не болот.
– Баласы өлгөн не болот?
– Өзөгүн өрт алган менен тең болот. «Ата» деп турса келгенде, «атаке» десе өлгөндө, жүрөгүңдү жылытып, эркелеп турса көргөндө – өзөк болбой не болду. Өрттөнгөн өзөк-тукум жок, өчкөнү болот отундун.
– Катыны өлгөн не болот?
– Аял-эрдин учса канаты, консо куйругу болот. «Эр эгиз» деп эрди-катынды айтат.
– Атасы өлсө – жетим дейт, баласы өлсө – как баш дейт, катыны өлсө жесир дейт. Карыганда жесирликти аял-эркекке бербесин.

Бөлүшүү:
Next Post

Дипломат АКШны Израилдин шериктеши деп атады

Америка Кошмо Штаттары Газа тилкесиндеги Израилдин кылмышына шериктеш экенин Палестинанын Венадагы элчиси Салах Абдель Шафи билдирди. “Тилекке каршы, америкалыктар да абдан күчтүү Израилди жактаган позицияга ээ. Биз үчүн америкалыктар шериктеш”,-деди дипломат. Ал БУУнун маалыматына таянып, Газада ар бир 6 мүнөт сайын бир бала көз жумганын кошумчалады Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн