Анкарадагы жардыруудан кийин күрт козголоңчуларына сокку урулду

Автор

Түркия Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларына абадан сокку ура баштады. Бул тууралуу Түркиянын Коргоо министрлиги Twitter баракчасына жазды.
Түрк бийлигинин маалыматы боюнча, Күртстан жумушчу партиясынын 20 объектисине сокку урулган.
Түркиянын Коргоо министрлиги соккулар үңкүрлөрүн, бункерлерин жана курал кампаларын бутага алганын билдирди.
Күрт кабар агенттиги Rudaw сокку Ирактын түндүгүндөгү, Иран менен чек арага жакын Кандил тоо кыркаларына урулганын кабарлады. Кандил тоолору барууга мүмкүн болбогон аймак болгондуктан, козголоңчулардын базаларынын бири болуп саналат.
Жекшембиде Түркиянын баш калаасында парламенттин жана Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында эки белгисиз адам жардыруу жасаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Пол жууган кызматкерлер иштен алынабы?

Министрлер кабинети мектептерден 9 миңден ашуун пол жууган кызматкерлерди иштен чыгарышы мүмкүн. Мындан 1 млрд 200 миң сом үнөмдөлөөрү белгилүү болду. Эгер жуулган полдун көлөмү 500 метр/квадраттан жогору болсо, ал мектепте ошол штат сакталып калат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн