Айыл чарба министринин үч орун басары кызматтан бошотулду

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Амил Алияскаров айыл чарба министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Айнура Туйбаева айыл чарба министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду.
Буга чейин Мурат Раматов мекеменин биринчи орун басарлыгынан алынган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, айыл чарба суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин эки жаңы орун басары дайындалды.
суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлыгына Асел Кененбаева;
суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарлыгына Мирбек Дуйшеев.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанасаат: Орозонун пайдасы жөнүндө хадистер

Орозонун пайдасы жөнүндө хадистерде эмне деген? Хадис: «Орозо — адамды тозок отунан сактай турган күчтүү чеп жана коргон» (Ахмад 2/402) Хадис: «Ким Аллах үчүн бир күн орозо кармаса, Аллах ал адамдын жүзүн тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатып коёт». ( Муслим 2/808) Хадис: «Кимде-ким Рамазан айында орозонун сыйлыктарына ишенүү жана үмүт […]

Сизге жагышы мүмкүн